08:09
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Австрияга барууну каалагандар 2020-жылдан баштап Бишкектен виза ала алышат

Австрияга барууну каалагандар 2020-жылдын башынан тартып Бишкектен виза ала алышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 5-январдан баштап Австриянын Казакстандагы элчилиги Нур-Султан шаарында документтерди кабыл алуучу VFC деп аталган борборду ачып, анын бир бөлүмү Бишкекте иштеп баштайт. Аталган жай Ибраимов көчөсү 103-дарегиндеги «Victory» бизнес борборунда жайгашкан.

«Виза алуу үчүн алдын ала интернет аркылуу арыз бериш керек. Ал үчүн (0312) 979261 номурларына кайрылса болот», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, жаңы жылдан тарта Германиянын Кыргызстандагы элчилиги бир нече мамлекетке виза берүү ишин токтоткон.

Эң көп окулган жаңылыктар