18:54
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Нурболот Үсөнбаев: Окуучулар арасында вирусту жугузган учурлары аныкталган жок

Учурда штаттык режимде окуп жаткан мектептер бар. Окуучулардын арасында, билим берүү процессине байланыштуу вирусту жугузган учурлары аныкталган жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Айтымында, буга катуу көзөмөл жүргүзүлүп жатат.

«Андыктан мен ата-энелерге кайрылып кетем. Балдардын ден соолугун жакшы карап, мектепте баратканда жана келгенден кийин дене табына, табитине убагында көңүл бөлүүгө чакырам. Эгерде мектеп окуучулары арасында оору катталбай турган болсо, мектептер толугу менен офлайн режиминде окуй башташат», — деди Үсөнбаев.

Эң көп окулган жаңылыктар