01:18
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Парламент спикери Акылбек Жапаровду орусча сөздөрдү колдонгону үчүн сынга алды

Парламенттин төрагасы министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровду орусча сөздөрдү колдонгону үчүн сынга алды.

Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Нурланбек Шакиев мамлекеттик тил жөнүндө конституциялык мыйзам кабыл алынганын эске салды.

«Сиз сөзүңүздө школа, доход, крыша, стена, контроль деген сөздөрдү азырак колдонуп, кыргызча так сүйлөгөнгө аракет кылсаңыз. Кыргыз тили кордолуп кетип жатат. Сиз баарына үлгү болсоңуз. Кыргыз тилин жакшы билесиз, мыйзамды сыйласаңыздар», — деди Нурланбек Шакиев.

Министрлер кабинетинин төрагасы Жогорку Кеңештин спикеринин айткандарын комментарийсиз калтырды.

Эң көп окулган жаңылыктар