12:44
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Депутаттар Улуу Британияда Лорддор палатасынын мүчөлөрү менен жолугушту

Жогорку Кеңештин депутаттарынын тобу Улуу Британияга иш сапарына барып, Лорддор палатасынын мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык Британияга төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев, Чолпон Султанбекова, Марлен Маматалиев, Дастан Бекешев, Гүлшаркан Култаева, Дастанбек Жумабеков, Эльвира Сурабалдиева, парламенттин аппарат жетекчиси Шабданбек Алишев барышкан.

Депутаттар парламенттер аралык мамилелер кеңсесинин башчысы Эд Бели менен жолугуп, Улуу Британиянын парламентинин түзүмү жанан имараты менен таанышышты.

Ошондой эле эл өкүлдөрү Лорддор палатасынын спикеринин орун басары Лорд МакНиколл, Жамааттар палатасынын депутаты Даниель Качински, Лорддор палатасынын мүчөсү баронесса Элисон Мэри Сутти менен жолугушуп, парламенттер аралык байланышты кеңейтүү, мыйзам чыгаруу жана анын аткарылышын көзөмөлдөө жаатында тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

«Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев Кыргызстан Улуу Британия мамлекети менен бардык багыттарда кызматташууга кызыкдар экендигин белгилеп, анын ичинен саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды өнүктүрүү башкы максат экенин билдирди. Ал парламенттер аралык байланыштарды арттыруу менен эки тараптуу өнөктөштүктү өрчүтүү керектигин жана парламенттик монархиялык башкаруу формасындагы Улуу Британия мамлекети бул багытта чоң тажрыйбага ээ экенин кошумчалады», — деп айтылат маалыматта.

Лорд МакНиколл Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен демократиялык багытта чоң жетишкендиктерге ээ өлкө экенин белгилеп, эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары тууралуу сөз кылды.

Тараптар депутаттардын этикалык кодексин иштеп чыгууга байланыштуу маселелерди да талкуулашты.

Эң көп окулган жаңылыктар