09:24
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Саясий партиялар бир депутаттык орунга 6 миллион сомго жакын каражат короткон

Саясий партиялар бир депутаттык орунга 6 миллион сомго жакын каражат короткон. Бул тууралуу мурунку депутат жана БШКнын мурунку мүчөсү Ишенбай Кадырбеков өз макаласында жазып чыкты.

Ал билдиргендей, парламенттин олигархизацияланышы коомчулуктан келген көптөгөн даттанууларды жаратууда.

БШКнын мурунку мүчөсүнүн айтымында, саясий партиялардын шайлоо фондунан жүгүртүлгөн акча каражаттары тууралуу отчетко ылайык, Жогорку Кеңештин акыркы шайлоосуна катышкан 14 саясий партия шайлоо маалында 777,8 миллион сом короткон.

«Бул бир депутаттык орун үчүн орточо 6 миллион сом коротулду дегенди билдирет. Бул эсеп расмий түрдө эмес, мунун баары эч кимге деле сыр эмес, ал тургай мындан да көп каражат коротулган. Мыйзамченемдүү суроо жаралат, партияларда мындай акчалар кайдан келген?», -деп суроо берген Ишенбай Кадырбеков.

Эң көп окулган жаңылыктар