07:08
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Ак-Сай айылына фельдшердик-акушердик пункт жана заманбап футбол аянтчасы курулат

Баткен облусуна караштуу Ак-Сай айылына фельдшердик-акушердик пункт жана заманбап футболдук аянтча курулат. Бул тууралуу «Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков баштаган депутаттар тобу шайлоочулар менен иштөө жумалыгынын алкагында кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги абал менен таанышып жатканда айтылды.

Маалыматка ылайык, аталган объектерди «Кыргызстан» партиясы куруп берет.

Депутаттык топ менен жергиликтүү тургундар кезигип, эл өкүлдөрүнө айылга караштуу «Бакай» жаңы конушунда фельдшердик пункт жок экендигин, бул калктын саламаттыгына терс таасирин тийгизип жатканын белгилешти. Ошондой эле жаш жеткинчектерди спортко тарбиялоодо кедергисин тийгизип жаткан спорттук аянтча да өтө зарыл экенин айтышты.

Эң көп окулган жаңылыктар