07:39
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн эрте өтүшү мүмкүн

Парламенттик шайлоо Кыргызстанда мөөнөтүнөн эрте өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен булак билдирди.

Анын айтымында, VI чакырылыштагы депутаттарды таркатуу темасы кесиптештери арасында кызуу талкууга алынууда. «Жогорку Кеңештин азыркы курамын таркатуунун негизги себеби, өлкөнүн жогорку мыйзам чыгаруу органынын имиджинин бузулушу», -дейт жеке булак.

Маалыматка ылайык, буга чейин резонанстуу сунуштарды айтып келген депутаттар сунуш көтөрүп чыгышы мүмкүн. Депутаттарды таркатуу иши жаңы жылга чейин же 2020-жылдын январында болушу мүмкүн. Бул учурда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо жарыяланат.

Депутаттарды таркатуу үчүн 80 добуш жыйноо жетиштүү.

Эң көп окулган жаңылыктар