04:55
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

«Ата Мекен» фракциясына лидерликке кайра Айсулуу Мамашева дайындалды

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясына лидерликке кайра Айсулуу Мамашева дайындалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине фракциянын катчылыгынан билдиришти.

Айсулуу Мамашева мандаты кайра алынган Өмүрбек Текебаевдин ордуна келди.

«Ата Мекен» депутат Клара-Гүлнара Саматты фракция менен байланышын үзгөндүктөн катарынан чыгарды.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Текебаевдин мандаты мыйзамсыз берилгендиги боюнча райондук соттун чечимин Бишкек шаардык соту колдогон. Өмүрбек Текебаев октябрь айында депутаттык мандатын кайра алып, парламентке келген.

Эң көп окулган жаңылыктар