10:04
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Дастан Жумабеков менен депутат Алтынбек Сулайманов тартыша кетишти

Жогорку Кеңеште төрага Дастан Жумабеков менен депутат Алтынбек Сулайманов тартыша кетишти.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов күндүн темасына вице-спикер Асел Кодуранованы кызматтан алуу тууралуу сунушту киргизди. Төрага сунушту колдоду. Бирок, бул чечим депутаттардын нааразычылыгын туудурду. Айрымдары Дастан Жумабековду отурумду туура эмес алып барып жатат жана регламентти бузду деп күнөөлөштү.

«Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов баарынан эмоцияналдуу болду.

«Бул жакта өзүмдү кантип алып жүрүштү жана эмнени сүйлөштү үйрөтүүнүн кереги жок. Сиз менден кичүүсүз, мындан улам сиздин кебиңиз мага жетпейт. Сиз менден төмөн турасыз, керек болсо сизди дагы кызматтан чакыртып алабыз», -деди Алтынбек Сулайманов.

Дастан Жумабеков мындай бурулуштан коркпой тургандыгын айтты.

«Мага ишенбестик көрсөтүү тууралуу маселени азыр дагы койсоңуз болот, мен мындан коркпойм. Мага отурумду кандай алып барууну үйрөтүүнүн кереги жок», -деди төрага.

Эң көп окулган жаңылыктар