14:32
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Аалымдар кеңеши паранжа жана сакал үчүн айып пул салуу демилгесине жооп берди

Кыргызстандын Аалымдар кеңеши депутаттын паранжа жана калың сакал койгондорго айып пул салуу демилгесине байланыштуу кайрылуу жасады.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы белгилегендей, динде аврат тууралуу ачык белгиленген.

«Аврат — бул мусулмандар башка адамдардын алдында жабууга милдеттүү болгон дене бөлүгү. Шариатта аялдарга колун (алаканын), таманын жана бетин (чачынан ээгине чейин) ачык калтырууга уруксат берилет. Калган дене бөлүгү аврат болуп эсептелет жана хиджаб менен жабылышы керек», — деп белгилешти муфтияттан.

Мекеме аялдарга никаб (паранжа) кийүү милдеттүү эмес экенин, бирок хиджаб парз экенин белгиледи.

Аалымдар кеңеши ошондой эле исламда сакал сүннөт болуп эсептелерин жана аны таза, тыкан кармоо керектигин билдирди.

«Исламда кийинүү маданиятын жана сакал коюу адептерин агартуу, түшүндүрүү жолу менен чечүү максатка ылайык деп эсептейбиз», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, депутат Шарапаткан Мажитова Кыргызстанда бетти жапкан кийим кийүүгө жана узун сакал коюуга тыюу салууну сунуштоодо. Укук бузуулар жөнүндө кодекске тиешелүү өзгөртүүлөр коомдук талкууга коюлду.

Эң көп окулган жаңылыктар