Кышкысын жол чыгымдары үчүн Кыргызстандын бюджетинде 335 миллион сом каралган. Мындай маалыматтарды Транспорт жана коммуникациялар министрлиги келтирет.
Бүгүнкү күндө жол техникасынын 88 пайызы күз-кыш мезгилине даяр.
«Өлкөнүн жолдорунда 31 ашуу бар. Алардын ичинен 27си жыл бою тейленет, төрт ашууда автотранспорт каражаттарынын кыймылы жергиликтүү органдардын чечими менен токтотулат», — деп белгилешти Транспорт министрлигинен.