Жабык Түштүк-Батыш көрүстөнүндө 10 миңден ашуун орун бар. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин комиссиясынын отурумунда «Бишкек ритуалдык кызмат көрсөтүү агенттигинин» директору Төрөхан Жунусбеков билдирди.
Анын айтымында, буга чейин 5 миң орун брондолгон.
Төрөхан Жунусбеков көрүстөндүн аймагы 15 жылга жетерин, бирок ал 2021-жылы жабылганын кошумчалады.
Жалпысынан, анын айтымында, Түштүк-Батыш көрүстөнүнө 1,7 миллиондон ашык адам коюлган.