20:38
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Лионель Месси карьерасында сегизинчи жолу «Алтын топ» сыйлыгын алды

Аргентиналык футболчу Лионель Месси «Алтын топтун» ээси болду. Сыйлык тапшыруу аземи 30-октябрда өттү.

Ал дүйнөдөгү эң мыкты футболчу сыйлыгын сегизинчи жолу алды. Эң биринчисин 2009-жылы алган.

Сыйлыкты Лионель Мессиге англиялык жарым коргоочу Дэвид Бекхэм тапшырды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында англиялык «Манчестер Ситинин» норвегиялык чабуулчусу Эрлинг Холанд экинчи, франциялык «Пари Сен-Жермендин» чабуулчусу Килиан Мбаппе үчүнчү болду.

Эң көп окулган жаңылыктар