01:25
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

АФК Кубогу. «Абдыш-Ата» Тажикстандын «Равшан» командасын утту

Гиссарда футбол боюнча АФК Кубогунун тайпалык этабынын үчүнчү турундагы беттеши болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу социалдык тармактарда билдирди.

«Абдыш-Ата» (Кант) клубу Тажикстандын «Равшан» командасын 1:0 эсебинде утуп алды.

Голду Эммануэль Ягр киргизди.

Үч турдан кийин «Абдыш-Ата» 7 упай топтоп, Е тобунда биринчи орунга чыкты. Биринчи оюнда Кыргызстандын командасы түркмөнстандык «Алтын Асырды» утуп, экинчисинде «Мерв» командасы менен тең чыккан.

Кыргызстанда өтө турган 9-ноябрдагы кийинки оюнда кыргызстандык клуб кайрадан «Равшанга» каршы ойнойт.

Белгилей кетсек, топтун жеңүүчүсү гана Кубокто андан ары ойной алат.

Эң көп окулган жаңылыктар