20:14
USD 85.80
EUR 93.14
RUB 0.88

«Чет элдик өкүл» мыйзам долбоору биринчи окуудан талкуусуз өттү

Жогорку Кеңеш 25-октябрдагы жыйынында «Чет элдик өкүл жөнүндөгү» мыйзам долбоорун карап, аны биринчи окууда эч кандай талкуусуз кабыл алды.

Анда документтин негизги автору, депутат Надира Нарматова баяндама жасагандан кийин төрага Нурланбек Шакиев сунуш-пикирлер болсо экинчи окууга чейин жазуу түрүндө берүү керектигин айтып, документти талкуусуз добушка койду жана көпчүлүк колдоду.

Муну «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Гуля Кожокулова сынга алып, парламенттин регламенти сакталбай калганын эскертти.

Кыргызстанда сырттан каражат алган өкмөттүк эмес уюмдарды жана жарандарды «чет элдик тыңчы» деп атоого багытталган мыйзам 2013-2014-жылдары сунушталып, каралбай келген. Андан бери парламентте ушуга үндөш бир-эки мыйзам кабыл алынган. Мыйзамдын мурдагы автору Надира Нарматова анын атын «чет элдик өкүл» деп өзгөртүп, 2022-жылы кайра алып чыккан.

Башында автор катары Нарматова өзү жалгыз көрсөтүлгөн документке кийин дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Коомчулуктагы кызуу талаш-тартыштардан соң бир катар депутаттар авторлуктан баш тартышкан. Мунун себебин алар документте ашыкча чектөөлөр киргизилип жатканы менен байланыштырган.

«Адилет» укуктук клиникасы Нарматованын мыйзам долбоорун иликтеп чыгып, ал Орусиянын «Чет элдик агенттер жөнүндөгү» мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган. 120 уюм парламенттин комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаковго кайрылуу жолдоп, бул мыйзам «чет элдик агенттер жөнүндөгү» мыйзамдан айырмасы жоктугун, агент деген сөздү өкүл деп гана алмаштырып коюшканын, эгер ал кабыл алынса, жарандардын эркиндиги менен укуктарына гана эмес, социалдык тармакка жана экономикага залакасы тиерин белгилешкен.

Кайрылууда мыйзам долбоорунда демократия принциптерине карама-каршы келүүчү бир катар басмырлоочу ченемдер бар экени, алар өлкөнүн Баш мыйзамына да туура келбестиги, мамлекеттик органдарга өзүнө жакпаган бейөкмөт уюмду каалагандай жол менен жаап коюу мүмкүнчүлүгү берилип калары, калктын орчундуу социалдык муктаждыктарын чечүүгө салымын кошуп келе жаткан уюмдардын ишине да бөгөт коюлары айтылган.

Негизги автор, депутат Надира Нарматова бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт деп ишендирип келет.

Эң көп окулган жаңылыктар
11-ноябрь, дүйшөмбү