17:49
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргыз тасмасы Азиядагы эң ири кинофестивалда баш байгени алды

Режиссер Мирлан Абдыкалыковдун «Кыз ала качуу» тасмасы Түштүк Кореяда өткөн Jiseok 28-Пусан эл аралык кинофестивалынын конкурстук программасында баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу продюсер Алтынай Койчуманова билдирди.

Фестивалдын алкагында эл аралык киносынчылар катышкан тасманын дүйнөлүк бет ачары болуп, жакшы сын-пикирлер айтылды.

JiSeok конкурсунун секциясы үч жана андан ашык көркөм фильмдерди тарткан азиялык кинематографисттер үчүн түзүлгөн. Программалык директор Ким Джисоктун элесине арналган сыйлык эң мыкты эки фильмге берилет.

Бул сынакка кыргыз тасмасынан тышкары Япония, Кытай, Индонезия, Бангладеш, Түштүк Корея, Таиланд, Шри-Ланка жана Филиппиндин эмгектери кирген — жалпысынан 10 тасма.

Режиссер Мирлан Абдыкалыков бул тасмада Кыргызстан үчүн актуладуу болгон ала качуу темасын Үмүт аттуу кыздын окуясы аркылуу көтөргөн. Тасма Бишкектин жаңы конуштарында тартылган.

Фильмде Акак Бердибекова, Элчибек Шаменов, Майрамбек Эркегулов, Айнура Акылбекова роль жараткан.

Пусан эл аралык кинофестивалы Азиядагы эң ири кинофестиваль. Ал 1996-жылдан бери Түштүк Кореянын Пусан шаарында жыл сайын өткөрүлүп келет жана анда жаңы чыгып келе жаткан режиссерлордун чыгармалары көрсөтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар