14:47
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте алдамчылык жол менен унааны ээлеп алган жаран кармалды

Бишкекте мурдагы мугалим алдамчылык фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, август айында милицияга жергиликтүү тургун кайрылып, Б.Б. аттуу жаран андан 20 миң долларлык Kia Sportage үлгүсүндөгү унаасын алып, аз убакытта төлөп берем деп убада берген. Белгилүү болгондой аны башка адамга сатып, (айрым маалыматтар боюнча 16 миң долларга) изин жашырып кеткенин айткан.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Мурда билим берүү мекемелеринин биринде мугалим болуп иштеген Б.Б аттуу жаран, 2 айга камакка алынган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Шектүүнүн алдамчылык аракеттеринен кандайдыр бир маалыматы бар же жапа чеккен жарандарды ИИМ кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына 0700171732, 0555011717 телефондору аркылуу кабарлап коюларын суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар