22:15
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Садыр Жапаров Ирандын президенти менен жолукту. Эмнелер талкууланды

Султан Досалиев
Фото Султан Досалиев. Садыр Жапаров Ирандын президенти менен жолукту

Садыр Жапаров Иран Ислам Республикасынын президенти Сейед Эбрахим Раиси менен жолукту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Ирандын президенти эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн өлкөлөрдүн жакшы мүмкүнчүлүктөрү жана жогорку потенциалы бар экендигин белгиледи. Ал товар жүгүртүүнүн деңгээлинин төмөндүгүн айтып, аны көбөйтүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоону сунуштады. Ошондой эле Ирандын президенти эки тараптуу биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын ишин активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Садыр Жапаров бардык деңгээлдеги туруктуу саясий диалогду жана өз ара аракеттенүүнү улантууга жана кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө кыргыз-иран кызматташтыгын мындан ары да бекемдөөгө даярдыгын билдирди. Ал Иран президентинин өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү тууралуу демилгесин колдоп, инвестициялык өз ара аракеттенүүгө да өзгөчө маани берди.

Өлкө башчысы логистика маселесин чечүү зарылдыгын айтып, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруунун маанилүүлүгүн билдирди. Мындан тышкары, президент кыргыз-иран өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын ишмердүүлүгүнүн маанилүү ролун белгилеп, комиссиянын кезектеги жыйынын Бишкекте өткөрүүнү сунуштады.

Садыр Жапаров Сейед Эбрахим Раисини Шанхай кызматташтык уюмунун толук укуктуу мүчөсү макамын алышы менен куттуктады.

Мамлекет башчылары бири-бирин Кыргызстан жана Иранга иш сапарлары менен келүүгө чакырышты.

Эң көп окулган жаңылыктар