12:10
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жыл сайын өлкөдө 27 миң 450 бала майып болуп төрөлөт

Жыл сайын өлкөдө 27 миң 450 бала майып болуп төрөлөт. Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын республикада 155 миңге жакын бала жарык дүйнөгө келет.

«Дүйнөлүк статистика боюнча жаңы төрөлгөн 1 миң балага кулагы начар уккан 0,5-1 пайыз бала төрөлөт. Он жыл ичинде кулагы начар уккандар миңдеп дүйнөгө келет. Алар үчүн атайын мектептер керек. Бүгүнкү күндө имплант коюу операциясы кымбат турат. Мисалы, 1 кохлеардык имплант 25-40 миң евро турат», — деди Камчыбек Узакбаев.

Кулагы начар уккан балдарга «Ленхарт» эл аралык фонду жардам берүүнү колго алган.

«Биз балдардын угуусун жакшыртуу боюнча меморандумга кол койдук. Алар бизге акысыз түрдө дээрлик 150 миң евролук 8 имплант алып келишти», — дейт Камчыбек Узакбаев.

Эң көп окулган жаңылыктар