14:45
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Кыргызстанга иммунизация кампаниясы үчүн кызылча-кызамык вакцинасы келди

Кыргызстанга кызылча-кызамык вакцинасынын 755, 5 миң дозасы келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Бул вакцина менен 9 айдан баштап 7 жашка чейинки балдар эмделет.

Кызамык жана кызылчага каршы кошумча иммунизациялоо кампаниясы 18- сентябрда Бишкек, Ош шаарларында, Чүй жана Ош областтарында башталат жана 29-сентябрга чейин уланат.

"Кызамык жана кызылчага каршы кампаниянын алкагында ҮМБ, ҮДТ жана ФАПтын базасында, ошондой эле билим берүү мекемелеринде 750дөн ашык убактылуу эмдөө пункттары иштейт. Мындан тышкары медицина кызматкерлери жетүүгө кыйын болгон калктуу пункттарда жашап жаткан балдар үчүн жеринде барып эмдөө жүргүзүшөт. Кампаниянын алкагында жалпысынан мобилдүү 60 бригаданы ишке киргизүү пландаштырылууда", - деп айтылат мекеменин маалыматында.

Башка областтардын саламаттык сактоо уюмдарында 1 жана 6 жаштагы балдар арасында кызамык-паротит-кызылчага (КПК) каршы вакцина пайдаланылат.

Жыл башынан бери кызамык менен 1982 адам ооруп, алардын 147си чоңдор жана 1835и балдар экени аныкталды. Балдардын ичинен 0 дөн 4 жашка чейинки 1454 ымыркай катталган. Ооругандардын көпчүлүгү Ош областында (635 адам), Бишкек шаарында (485 адам), Ош шаарында (296 адам) катталган. Чүй (214 адам), Жалал-Абад (116 адам), Баткен областтарында (92 адам), Талас (77 адам), Ысык-Көл (60 адам) жана Нарын областтарында (7 адам) ооругандар азыраак.

Кызамык — бул кооптуу жана абдан жугуштуу вирустук оору, ага каршы дары-дармек жок, ал эми бул оорудан болгон татаалдашуулар өлүмгө алып келиши мүмкүн. Профилактикалык эмдөө албаган балдар жана чоңдор тобокелчилик зонасында болушат. Оорудан эмдөө гана коргой алат.

Эң көп окулган жаңылыктар
23-декабрь, дүйшөмбү