Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү маршруттук унааларды текшерип, жалпысынан 150 миңден ашуун айып пул салынды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Рейддин жүрүшүндө, коомдук транспорттордун жалпы техникалык абалы, санитардык талаптардын, жол эрежелеринин сакталышы текшерилди. Техникалык бузуулары бар айдоочулар, аларды каттамга чыгарган механиктер айыпка жыгылды.