USD87.45EUR98.38RUB1.04
24.kg

Кафедеги жарылуу. Экотехинспекциянын кызматкерлери жоопко тартылат

17:04, 19 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаардык прокуратурасы «Антошка» тез татым жайындагы жарылуу боюнча Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциясынын кызматкерлерине карата материалдарды Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, аталган жайда газ жабдуулары коопсуздук эрежелерин бузуу менен колдонулуп келген. Анда газ баллондорун тез татым жайларында колдонууга жол берилбей турганы айтылат.

«Мамлекеттик экотехникалык инспекциясынын Бишкектеги башкармалыгы аталган жайдагы өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушун убагында алдын алган эмес», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 8-ноябрда Чүй проспектиси жана Эркиндик бульварында жайгашкан тез тамактануучу жайда жарылуу болгон. Анда 13 адам ар кандай жаракат алып, кафенин бир кызматкери каза болду.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика