Ташкенттеги кампалардын биринде катуу жарылуудан улам өрт чыкты. Бул тууралуу Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Telegram-каналында билдирди.
«Бүгүн саат 2:43тө ӨКМдин нөөмөт бөлүмүнө Ташкенттин Сергели районундагы «Строитель» аймагында жайгашкан кампалардын биринде жарылуу болуп, андан кийин өрт чыкканы тууралуу билдирүү келди», — деп айтылат маалыматта.
Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги жабыркагандар бар экенин кошумчалады. Алар республикалык медициналык тез жардам илимий борборуна жана анын Ташкент облусундагы филиалына жаткырылды. Бирок олуттуу жаракаттары жок. Жабыркагандардын саны тактала элек.
ӨКМден белгилешкендей, социалдык тармактарда жардыруу авиакырсыкка байланыштуу деген жалган маалыматтар жайылууда.