18:32
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Тогуз-Тородо күйүүчү май ташыган унаанын цистернасы жарылып, эки адам жабыркады

Тогуз-Торо районунда күйүүчү май ташыган КамАЗдын цистернасы жарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, КамАзды оңдоп жатып, ширетүү иштерин жүргүзүшкөн убакытта цистерна жарылган.

«Цистернанын ичи бош болгон. Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши жабыркаган. Бирөө хирургия бөлүмүнө, экинчиси жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген», — деп жазылган маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар