12:15
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Адвокат: Мадумаровдун бөгөт чарасын толук жокко чыгаруу тууралуу арыз берилет

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду камакка алууга негиз болгон сот чечимин толук жокко чыгаруу тууралуу арыз берилет. Бул тууралуу 3-сентябрда анын адвокаты Гуляна Убалиева «Азаттыкка» билдирди.

Жактоочу шаардык соттун канцелярия бөлүмү дем алышта жабык болгондуктан арыз дүйшөмбү күнү тапшырыларын айтты:

«Бүгүн соттун канцеляриясы иштебейт. Апелляциялык арыз эртең берилет. Үй камагы эмес, толугу менен бөгөт коюу чарасын алуу деп суранабыз».

Жогорку Кеңештин депутаты, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаровду милициянын атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери 2-сентябрда кармап кетишкен. Ошол эле күнү Биринчи Май райондук сотунун чечими менен бөгөт чарасы аныкталып, ал 24-октябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси («Мамлекеттик чыккынчылык») боюнча айып коюлганын маалымдаган.

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.

Депутатты Кемпир-Абад маселеси боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

Мадумаров ИИМдин имаратынан чыгып, сотко алып кетип баратканда журналисттерге кыска жооп берип, Баткендеги кыргыз-тажик чек арасы боюнча кол коюлган протоколго байланыштуу кармалганын айтып, муну «жомок» деп баалаган. Ал Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын 2008-жылдын 5-октябрынан 2009-жылдын 26-октябрына чейин аркалаган.

Эң көп окулган жаңылыктар