Араван районундагы Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округунда кайра шайлоо болбойт. Бул тууралуу Боршайком чечим кабыл алды.
Мурунку депутат Өмүрбек Бакировдун ордуна Равшанбек Рысбаев келет.
Белгилей кетсек, БШК Көк-Жар бир мандаттуу округунун шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарып, утуп чыгып, парламентке депутат болгон Өмүрбек Бакиров добуш сатып алуу айыбы менен мандатынан айрылды. Равшанбек Рысбаев добуштардын саны боюнча экинчи орунда турган.