Белгилүү футболист Роналдиньо Кыргызстанга келген жок. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан 24.kg агенттигине билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн 13.55де Бишкекке конгон учакта футболисттин аты-жөнү жок.
Белгилей кетсек, буга чейин Роналдиньоного Бразилиядан чыгууга тыюу салынганы кабарланган. Ага алдамчылык айыбы менен иш козголуп, сотто каралууда.
30-август күнү Бишкекте «Барселона» футболдук клубунун легендалары менен оюн өтөт. Беттешке президент Садыр Жапаров дагы катышат.