15:48
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ысык-Көлдө самбо боюнча дүйнө чемпионаты башталды

Ысык-Көлдө самбо боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Дүйнөлүк кубок Чолпон-Ата шаарында башталды. Мелдештин программасына ылайык, бүгүн эркектер арасында спорттук самбо боюнча 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ салмактык категориялар боюнча таймаштар жана 59, 65 и 72 килограмм салмакта күжүрмөн самбо боюнча кыз-келиндер арасында беттештер өтөт.

Маалым болгондой, мелдеш «Газпром-балдарга» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борборунда өтүүдө. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Болгария, Азербайжан, Армения, Кытай, ФИАС 1 (Россия), ФИАС 2 (Беларусь) жана Израилдин спортчулары катышат.

Эң көп окулган жаңылыктар