06:25
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Казакстанда Сырдарыяда 11 адам чөгүп кетти

Казакстандын Түркстан облусунда 11 адам Сырдарыяда чөгүп кеткен. Кырсыктын чоо-жайы тууралуу Түркстан акиминин маалыматын Tengrinews.kz. басылмасы билдирди.

Облус акимчилигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 21-августта саат 18.00дөр чамасында тургундардан адамдар сууга чөгүп кеткендиги тууралуу билдирүү келген. Сууга түшүүгө келген 20 кишинин 11и сууга чөгүп кеткен, беш бала жана алты чоң киши.

Суудан сегиз сөөк чыгарылды, калгандарын издөө иштери уланууда. Облустук өзгөчө кырдаалдар департаментинин алдында ыкчам штаб түзүлүп, окуя болгон жерге Отырар райондук акимчилигинин, өзгөчө кырдаалдар боюнча райондук бөлүмүнүн, токой чарбасынын кызматкерлери, ыктыярчылар жөнөтүлүп, дароо издөө иштерине киришти.

Издөө иш-чараларына бардыгы болуп 144 бригада, 16 техника жана сууда сүзгөн алты каражат тартылган. Маселе облус башчысы Дархан Амангелдиевичтин түздөн-түз көзөмөлүндө.

Басма сөз кызматы кырсык болгон жерге облус акиминин орун басарлары барганын кошумчалады. Ошондой эле, алар каза болгондордун үйлөрүнө барып, туугандарына көңүл айтышты. Аларга тиешелүү жардам көрсөтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар