02:51
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстан Кытайда өтө турган ЭКСПО көргөзмөсүнө катышат

Кыргызстан 17-августтан 21-августка чейин Синьцзянь Уйгур автономдук облусунда жана Үрүмчү шаарында өтө турган ЭКСПО көргөзмөсүнө катышат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын павильонунда 30 айыл чарба, тамак-аш, жеңил өнөр жай ишканаларынын, ошондой эле курулуш материалдарынын жана башка 140тан ашык продукциясы көрсөтүлөт. Иш-чарага өлкөнүн 80ден ашык бизнес өкүлдөрүнүн катышуусу пландалууда.

Ошондой эле, иш-чаранын алкагында энергетика, туризм тармагындагы инвестициялык долбоорлор, Кыргызстандын экспортко багытталган улуттук компанияларынын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтылат.

Мындан тышкары, кыргыз-кытай бизнес-форумун өткөрүү пландалып, ага Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик жогорку даражалуу адамдары жана бизнес чөйрөсүнүн негизги өкүлдөрү катышары да кошумчаланды.

Эң көп окулган жаңылыктар