20:29
USD 87.45
EUR 89.73
RUB 0.86

«Золотой Дракон» ресторанынын жанындагы тротуарды мыйзамсыз басып алышкан

Бишкек шаарындагы Медеров көчөсүндөгү «Золотой Дракон» ресторанынын жанындагы муниципиалдык жер тилкелерин мыйзамсыз басып алышкан. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Окуянын жерине вице-мэр Нурдан Орунтаев, «Бишкекбашкыархитектура» ишканасынын башчысы, Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү барды.

«SAN and COMPANY» ЖЧКсынын участкасынын ижарачылары тротуарга курулуш максатында чуңкур казып салышкан. Жолугушуунун жыйынтыгында, аларга кайра жолду төшөө милдеттендирилди.

Муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти жер участогуна ижара келишимин бузуп, «Бишкекбашкыархитектура» бардык уруксат берүүчү документтерди жокко чыгарды.

Ал эми, Октябрь райондук ички иштер бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин жана Жазык-процесстик кодексинин негизинде кылмыш ишин козгоо, келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө маселени карап чыгат.

Бул иштин жүрүшүн Бишкек шаарынын архитектура-курулуш көзөмөлү боюнча башкармалыгы көзөмөлгө алат.

Эң көп окулган жаңылыктар