20:34
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Жаныбек Абиров Ленин районунан шайлоого катыша албайт

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Жаныбек Абиров Ленин районунан кайра шайлоого катыша албайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиянын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.

Абдыжапар Бекматовдун айтымында, Жаныбек Абировдин депутат кездеги жоругу аталган округта кайра шайлоо өткөрүүгө себеп болгон.

«Конституциялык мыйзамда «кайра шайлоонун дайындалышына себепчи болгон жаран кайра шайлоого катыша албайт» деген норма бар. Экинчи — моралдык да жагы бар да. 130 миңге жакын шайлоочу убара болгонун да караш керек», — дейт ал.

Ленин округунан депутат болгон Жаныбек Абиров быйыл март айында өзү аралашкан мушташтан улам мандатын тапшырган. Бул округда кайра шайлоо 28-майда өткөн.

Эң көп окулган жаңылыктар