02:14
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Тажикстанга 2013-жылга чейин өндүрүлгөн автоунааларды алып кирүүгө тыюу салынат

Тажикстандын өкмөтү 2024-жылдын 1-январынан тарта өлкөгө 2013-жылга чейин өндүрүлгөн автоунааларды алып келүүгө тыюу салган токтом долбоорун даярдады.

Бийлик бул чечимин эски автоунаалардын катышуусундагы адам өмүрүн алган жол кырсыктарынын көбөйгөнү, ошондой эле көп санда алып келинген унаалардан улам абанын булгануу деңгээлинин жогорулап жатканы менен түшүндүрүүдө.

Токтом долбоорунда Тажикстандын Бажы кызматы менен Ички иштер министрлиги өз документтерин өкмөттүн бул токтомуна шайкеш келтирүүгө милдеттүү экени жазылган.

Айрым айдоочулар 2013-жылга чейин өндүрүлгөн автоунааларды киргизүүгө тыюу салуу — жол кырсыктарынын азайышына же абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүүгө жардам бербей турганын билдирүүдө. Алардын айтымында, бул чечим автоунаалардын кымбатташына гана алып келиши мүмкүн.

Тажик өкмөтү 2018-жылы 2005-жылга чейин өндүрүлгөн автоунааларды өлкөгө алып кирүүгө тыюу салган. Анда унаа сатып иштеген айрым ишкерлер аларга бул жөнүндө кеч кабар берилгенине даттанып, сатып алган автоунаалары орто жолдо калганын билдиришкен.

Тажикстандын Бажы кызматынын маалыматына караганда, өткөн жылдын алты айында Тажикстанга 21 миңден ашык жеңил автоунаа киргизилген. Бул 2021-жылдын алты айындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу төрт эсеге көп.

Эң көп окулган жаңылыктар