USD87.45EUR98.34RUB1.04
24.kg

Иркутск: мушташка катышкан кыргыз жана тажик мигранттары элдешти

09:31, 30 июня 2023, Бишкек - 24.kg

Иркутск шаарындагы калайман мушташка катышкан кыргызстандык жана тажикстандык мигранттар Курман айт майрамынын алдында элдешти. Бул тууралуу аталган калаадагы тажик коомчулугунун башчысы Алишер Ширинов билдирди.

Анын айтымында, тараптар мындан кийин бул сыяктуу жаңжалдардын кайталанышына жол бербөө боюнча макулдашты.

Иркутск шаарындагы Ковыктинск газ кенинде иштеген кыргыз жана тажик жарандарынын ортосундагы калайман мушташ 23-июнда болгон. Анда тогуз киши — Кыргызстандын беш, Тажикстандын төрт жараны жараат алып, 30дан ашык адам кармалганы кабарланган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мушташка 500дөн ашык киши катышканын, ага түшкү тамактануу үчүн ашканага кезек талашуу себеп болгонун билдирген.

Орусиянын басылмалары укук коргоо органдары бул окуя боюнча тергөө иштерин улантып жатканын жазууда.

Орусияда Борбор Азиядан барган мигранттар арасында калайман мушташтар көп катталат.

3-июнда Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык жана тажикстандык мигранттардын калайман мушташы болгон. Анда Кыргызстандын бир жараны ооруканага жеткирилген. Полиция беш кыргыз жаранын кармап, үчөөнү тергөө аяктаганча эч кайда чыкпоо шарты менен кое берген, калган экөө камалган. Полиция бул фактыга байланыштуу «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18