05:35
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Тажик күч түзүмдөрү «террордук уюмдардын эки мүчөсүн» жок кылды

Тажикстандын укук коргоо органдары тажик-ооган чек арасында «эл аралык террордук уюмдардын эки мүчөсүн» жок кылды. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин коомдук байланыштар борбору билдирди.

Билдирүүдө террордук уюмдардын аталышы жазылган эмес.

Кылмышкерлерди жок кылуу боюнча антитеррордук операция 26-апрель күнү эртең менен Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Ванж районунда болгон. Алар Тажикстан аймагында теракт жасоо максатында чек араны мыйзамсыз кесип өтүшкөнү айтылууда.

Укук коргоо органдарынын биргелешкен антитеррордук операциясынын жыйынтыгында террористтер жок кылынды. Окуя болгон жерден 2 даана Калашников автоматы, 2 даана тапанча, 8 даана граната, 19 таңгак жардыргыч зат, 2 даана атайын байланыш каражаттары жана 2 даана уюлдук телефон табылган.

Мурдараак Жамааттык коопсуздук келишими уюму Ооганстанда террордук топтордун активдешип жатканына жана алардын уюмга мүчө өлкөлөрдүн аймагына кирип келүү коркунучуна тынчсыздануусун билдирген.

БУУ да Ооганстан аймагында «Ислам мамлекети», «Техрики Талибан Пакистан», «Өзбекстан Ислам кыймылы», «Ансоруллох», «Ислам жихады» жана башка топтор иштеп жатканын кабарлаган.

Эң көп окулган жаңылыктар