00:04
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Орусия Беларуста аскердик машыгуулар өтүп жатканын кабарлады

Орусиянын Коргоо министрлиги Беларуста батальондордун тактикалык окуулары өтүп жатканын билдирди. Машыгуулар качан башталганы жана качан бүтөрү айтылган жок.

«Интерфакс» министрликке шилтеме берүү менен машыгуу аяктаган соң колбашчылык аскер бөлүктөрүнүн согушка канчалык деңгээлде даяр экенине баа берерин жазды.

Орусиялык аскерлердин алгачкы тобу Беларуска октябрда эле келген. Анын алдында Беларус Коргоо министрлиги машыгууга он миңге чейин орус аскери, жүздөн ашык танк, брондолгон машина жана минометтор, мындан тышкары авиация келерин билдирген.

Анын алдында Александр Лукашенко Украинаны «Беларуска кол салууга даярданып жатат» деп айыптаган.

Декабрдын башында Лукашенко Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен жолугушууда, орусиялык жана беларусиялык аскерлер «бир топ, бирдиктүү армия катары» даярдалып жатканын айткан.

13-декабрда Беларуста Лукашенконун буйругу менен өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн даярдыгын күтүүсүз текшерүү башталды.

Эң көп окулган жаңылыктар