04:50
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Украинанын согуштагы чыгымы 560 миллиард доллардан ашты

Украина Орусиянын кол салуусунан дээрлик 565 миллиард доллар чыгымга учурады. Бул тууралуу Украинанын вице-премьери Юлия Свириденко билдирди.

Бул сумманын 119 миллиарды — инфраструктурадагы жоготуу; 112 миллиард — 2022-жылдагы ички дүң өнүмдүн кыскарышы; 90,5 миллиард — карапайым калктын жоготуулары; 80 миллиард —ишкана-уюмдардын жоготуулары; 54 миллиард — украин экономикасындагы түз инвестициялардын жоготуулары; 48 миллиард — мамлекеттик бюджеттин жоготуулары.

Свириденко согуштук аракеттерден улам транспорттук инфраструктурага, жарандардын жана уюмдардын мүлкүнө олуттуу зыян келтирилгенин белгилеген. Өткөн айда 8 миң чакырым жол, ондогон вокзал жана темир жол станциялары, порттор менен аэропорттор талкаланган жана жок кылынган. Свириденконун маалыматына караганда, украиналыктар 10 млн чарчы метр турак жайдан, 200 миң автоунаадан ажыраган. Дагы 5 млн киши азык-түлүксүз калган.

Юлия Свириденко күн сайын бул цифралар өсүп жатканын белгилеген. «Ошондуктан биз Орусиядан чыгымдарды кайтарып берүүнү талап кылабыз. Буга соттук чечимдер жана Орусия Федерациясынын тоңдурулган активдерин Украинага өткөрүп берүү менен жетүүгө болот», — деди ал.

Бир айдан ашык убакыт аралыгында Орусия Украинанын бир катар ири шаарларын, анын ичинде Мариуполь менен Харьковду толук бомбалады жана өлкөнүн инфрастуруктарсын бузду.

Евробиримдик Украинанын чыгымдарын компенсациялоо үчүн атайын механизмди түзүү мүмкүндүгүн карап жатат. Bloomberg билдиргендей, өлкөнү калыбына келтирүү үчүн тоңдурулган орус активдери колдонулушу мүмкүн.

Батыш өлкөлөрү Орусиянын алтын резервинин жарымын — 300 миллиард АКШ долларын тоңдурган. Орусиялык компанияларга, аткаминерлерге, ишкерлерге жана банкирлерге санкциялар салынган. Италия орус олгиархтарына таандык 800 миллион еврону, Нидерландынын Борбордук банкы 200 миллион евро, Франция Орусия Банкынын 22 миллиард доллар евросун тоңдурган.

24-февралда Орусия Украинага согуш ачкан. Бүгүнкү күндө эки тараптан тең жүздөгөн кишилер өлдү. Украина курмандыктардын арасында балдар, аялдар жана кары-картаңдар бар экенин айтууда. Урушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр өз жемишин бере элек.

Эң көп окулган жаңылыктар