09:38
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Иран Орусияга аскердик дрондорду бергени жатат

Иран Орусияга жүздөгөн аскердик учкучсуз учуучу аппараттарды бергени жатат. Бул тууралуу Вашингтондогу брифингде АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан билдирди.

Анын айтымында, аппараттар курал алып жүрүүгө жөндөмдүү. «Иран орус күчтөрүн бул аскердик дрондор менен иштөөгө үйрөтүүнү пландап жатат. Окутуулардын алгачкы этабы июлда башталышы керек», — деди Салливан.

Ошол эле маалда ал Вашингтон мындай маалыматтарды кайдан алганын так айткан жок.

Салливандын бул билдирүүсүнөн көп өтпөй Москва менен Тегеран Орусиянын президенти Владимир Путин жакында Иранга барарын ырасташты. Кремль ал жакта Путин Ирандын жана Түркиянын президенттери менен жолугарын билдирди.

Украинада согуш башталгандан бери Путин чет өлкөлөргө (Тажикстан менен Түркмөнстанга) эки гана жолу чыкты.

Эң көп окулган жаңылыктар