10:51
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Орусиялыктарга Өзбекстанда банк эсептерин ачуу сунушталууда

Батыштын экономикалык жана каржылык санкцияларына кабылган орусиялык туристтик агенттиктер өлкө жарандарына Visa жана Mastercard банк карталарын ачуу үчүн Өзбекстанга атайын туристтик пакеттерди сунуштап жатышат.

Өз ичине Москва жана Екатеринбург шаарларындагы туристтик агенттиктерди камтыган Vedi Group компаниясы Өзбекстанга үч күндүк турларды уюштура баштаганын жарыялады. Ага ылайык, орус жарандары ал жактан Батыштын санкцияларынан улам учурда өлкө ичинде жеткиликсиз болуп жаткан Visa жана Mastercard караталарын ачтыра алышат.

Vedi Group’тун кызматкерлеринин бири Өзбекстанда мындай карталарды «Капиталбанкта» ачса болорун, бул үчүн болгону Орусиянын паспорту гана талап кылынарын билдирди.

«Сапар 23 миң рубль турат. Бул суммага VISA жана Mastercard карталарын ачуу үчүн документтерди топтоо чыгымдары да кирет. Каталар Өзбекстандагы «Капиталбанкта» ачылат. Ал жактан биздин кардарларды атайын өкүлүбүз тосуп алып, жардам берет. Карта ачуу үчүн орус паспорту жана 80 миң сум (7 доллар) талап кылынат. Буга бир саат убакыт кетет», — деди компания өкүлү.

6-мартка караган түнү Visa жана Mastercard төлөм системалары Украинада согуш баштаганы үчүн Орусиядагы ишмердүүлүгүн токтотконун билдиришкен. Мындан улам орусиялыктар төлөмдөрдү төлөө жана чет өлкөлүк интернет дүкөндөрдөн товарларды сатып алуу мүмкүндүгүнөн ажырашкан. Мындан тышкары орусиялыктар үчүн Google Pay жана Apple Pay да иштебей калган.

«Капиталбанктын» Ташкенттеги борбордук кеңсесинин кызматкери орусиялыктар бул банктан эсеп ачып, Visa жана Mastercard карталарын алса болорун ырастады.

Грузия орусиялыктарга 1-марттан 31-мартка чейин өлкө банктарында эсеп ачууга тыюу салган. Армения банктары эсеп ачуу үчүн алардан алты айлык ижара келишимин талап кылууда. Түркия эсеп ачууну каалаган орусиялыктардан эсебине 5 миң доллар өлчөмүндө депозит салууну талап кылып жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар