21:23
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Орусия Украинадан кеминде 1 миллиард долларга бааланган буудайды чыгарып кеткен

Орусия Украинадан кеминде 1 миллиард долларга бааланган буудайды чыгарып кеткен. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги NASA Harvest’ке (АКШ космикалык агенттигинин эл аралык азык-түлүк коопсуздугуна багытталган долбоору) шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, Украинанын Орусия көзөмөлдөп турган аймактарында болжол менен буудайдын 6 миллион тонна түшүмү жыйналган. Учурда орус аскерлери украин данынын дээрлик төрттөн бир бөлүгү эгилген аймакты ээлеп турушат. Москва ал аймактарды быйыл октябрдын башында аннексиялаганын жарыялаган.

Украинанын оккупацияланбаган аймагында быйыл 26 миллион тоннадан ашык буудай жыйналган. Бул алгач божомолдонгондон кыйла көп.

Иликтөөдө айтылгандай, Орусиянын кемелери Украинадан жүктөп чыккан эгин түрдүү өлкөлөргө, анын ичинде Ливия менен Иранга экспорттолгон. Бирок орус тарап буудайдын кайсыл жерде жүктөлгөнүн жашырууга аракет кылып жаткандыктан, анын көлөмүн эсептеп чыгуу оорчулук жаратууда.

Эң көп окулган жаңылыктар