16:04
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ленин районунан парламентке ат салышууга эки талапкерден арыз түштү

Бишкектин Ленин райондук № 26 бир мандаттуу шайлоо округунан парламентке ат салышууга эки талапкерден арыз түштү. Бул тууралуу БШК маалымдайт.

Шайлоого катышууга Эртай Искаков жана Алмаз Аскар уулу арыз жолдоду.

Белгилей кетсек, Эртай Искаков бул округтан май айында өткөн кайра шайлоого катышкан.

Алмаз Аскар уулу Жогорку Кеңешке «Эл үмүтү» партиясынын курамында, кийин Свердловск райондук бир мандаттуу округунан ат салышкан.

Добуш берүү 10-сентябрда өтөт. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума