05:11
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Көнгөн адат калабы. Эмне үчүн КРда репрессивдүү мыйзамдар киргизилүүдө?

БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Гравенин айтымында, «Жалпыга маалымдоо каражаттары» жана «Коммерциялык эмес уюмдар» жөнүндө мыйзам долбоору Кыргызстандын туруктуу өнүгүү боюнча коюлган максаттарынын жетишине тоскоол болот. «Бир дүйнө Кыргызстан» кыймылы Жогорку Кеңештин депутаттарына жана президенттик администрациянын аткаминерлерине Конституцияны сактап, репрессиялуу долбоорду кайтарып алууга чакырды.

Парламент жарандык коомдук пикирин угабы-жокпу азырынча белгисиз. Бирок, кызуу талкуу жараткан долбоор күзгө чейин каралбай турган болду. Депутаттар жайкы каникульга таркап кетишти.

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоор парламенттин профилдик комитетинин 27-июндагы жыйынынын күн тартибинен алынды. Ал эми «Жалпыга маалымдоо каражаттары» боюнча мыйзам долбоору парламентке келе элек.

Активисттер деги эле Кыргызстанда жарандык коомду жокко чыгарган жана сөз эркиндигин жоготкон демилгелер кайдан пайда болгонуна аң-таң.

Уялсаңар боло

«Жалпыга маалымдоо каражаттары» жана «Коммерциялык эмес уюмдар» жөнүндө мыйзам долбоору орус мыйзамдарынан толук көчүрүлгөнүн журналисттер, юристтер дароо эле айтып чыгышкан. Бирок авторлору плагиатка айыптоолорго уялып дагы коюшкан жок. Президенттик администрациянын өкүлү Мурат Укушев долбоорлорду иштеп чыгууда Орусиянын мыйзам жоболору эске алынганын моюнга алды.

«Баарыбыз советтик системадан чыкканбыз. Ошондуктан орус мыйзамы негиз катары кабыл алынды»«, — дейт ал.

Кошуна өлкөлөрдүн мыйзамдарынын айрым бөлүктөрүн көчүрүп алуу көп эле кездешет. Өөн көрүнүш эмес. Бирок, аткаминерлердин мыйзамдын тексттин көчүрүп алуусу бул башка кеп. Андан дагы мыйзамдагы карама-каршы жоболорго көңүл бурбай, аны түрткүлөө аракети таң калуу жаратат.

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Феликс Кулов мамлекеттик түзүмгө байланыштуу мыйзам долбоорун иштеп чыгууда плагиатка жол берилбестигин билдирет. Ал башка өлкөнүн мыйзамдарын салыштыруу үчүн колдонууга болорун, бирок, толук көчүрүп алуу туура эмес дейт.

Бул жооптуу кызматта иштеген адамдын компетенттүүлүгүнө суроо гана жаратат. Башка өлкөлөрдүн мыйзам жоболору менен салыштыруу, колдонуу, иликтөөгө болот. Бирок, сөзмө-сөз көчүрүүгө жол берилбейт. Ар бир нерсенин өзүнүн өзгөчөлүгү — мамлекеттик деген түшүнүк бар.

Феликс Кулов.

Юрист Таттыбүбү Эргешбаеванын айтымында, Кыргызстандын мыйзамдарында башка өлкөнүн ченемдик актыларын көчүрүүгө тыюу жок. Бирок, этикалык нормалар бар экенин эске алат.

«Башка өлкөнүн мыйзамдарын көчүрүүнүн зыян. Анткени Кыргызстандын башка мамлекеттерден айырмаланган өзүнүн стратегиялык, программалык өзгөчөлүгү бар. Улуттук кызыкчылык, мамлекеттик багыттагы айырмачылыктар мыйзамдардын көчүрбөөгө негизги себептер болуп саналат. Анүстүнө Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүш жана укуктук-ченемдик акттылардын техникасы орусияныкынан айырмаланат», — дейт Таттыбүбү Эргешбаева.

Өз үйүрүндөгү жат

Борбордук Азиядагы коопсуздук, терроризм, дин жана миграцияны иликтеген Эдвард Лемондун айтымында, терроризм жана экстремизм жаатындагы Кыргызстандагы мыйзамдардын 79 пайызы, Тажикстандагы мыйзамдардын 56 пайызы Орусиядан көчүрүлгөн.

Казакстан менен Өзбекстан бул жаатта бир топ өз алдынча иш алып бара аларын көрсөтүшкөн. Алардын ченемдик актыларынын 4-5 пайызы гана көчүрүлгөн.

Талдоочулар анчалык көңүл жылытпаган тенденцияны белгилешет. Кыргызстанда Орусиянын жазалоочу мыйзамдарын колдонууга киргизүү аракети күчөдү.

Юрист Искендер Какеевдин айтымында, бул эки мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Орусиянын Мамлекеттик Думасынын башчысы Вячеслав Володин менен апрелдин аягында жолугушуусунан кийин сунушталып баштады. Анда Орусиянын Думасынын спикери чет элдик тыңчылар менен күрөшүүдө алардын тажрыйбасын алынуу сунушташан. Жарандык коомдун өнүгүү жолун тосуп, сын-пикир, же башка көз-карашты айткандардын санын азайтуу бийлик үчүн дагы пайдалуу жана мансабын кармап калуу үчүн ыңгайлуу. Ошондуктан «чет элдик агент», «экстримизм», «Жалпыга маалымдоо каражаттары» жөнүндөгү мыйзам долбоору керек. Бул талдоочулардын пикиринде, бийликтин жарандардын ага ишенимин күчөтүп, ансыз эч нерсе жасай албастыгын таңылоо аракети.

Душмандын дагы кереги жок

«Адилет» укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакыпованын айтымында, юристтер бир топ мыйзамдарды талдап чыгышты. Өлкөдөгү мыйзамдардын ар бир экинчиси Конституцияга, кодекстерге, эл аралык милдеттемелерге каршы келет жана аларда коррупцияга жол ачкан көрүнүштөр бар.

«Мамлекеттин негизин өлкөнү сактаган, коомду бириктирген жана турукташтырган мыйзам түзөт. Азыр баарыбыз биригели деп жатышат. Эмнени айланасында биригели? Биригүүгө мыйзам жана Конституция негиз боло алат. Баш мыйзам — өлкөнүн башкы документи. Биз мыйзамдуулукка каршы келген демилге менен элди дагы, мамлекетти дагы бириктире албайбыз», — дейт Чолпон Жакыпова.

Мамлекетти бузуу үчүн саясый элитанын көчөдөн алып келип олтургузуп койгондой болуп жатат. Кыргыздарга душмандын деле кереги жок,өзүбүзгө өзүбүз жетиштүүбүз. Өлкө аларга көз-каранды экенин, мамлекеттик башкаруу эмне экенин түшүнбөгөн жоопкерчиликсиз жана сабатсыздар арбын.

Чолпон Жакыпова.

Эксперттердин айтымында, бул мыйзамдарды бир гана алардын ар кандай колдонуусу бириктирет. Көптөгөн өлкөлөрдүн өкмөтү бул мыйзамды «мамлекеттик кызыкчылык» пайда болгондо гана эстей калышат.

Мисалы, Кыргызстандын бийлиги «батыштын таасирин» көрүп, бирок, орусиялык бейөкмөт уюмдарды байкашпайт. Орусияда кытайдын таасирине көз жумса, Тайванда баардык жактан кытайдын гана изин табып турушат. Италияда болсо акыркы жылдары мигранттарга жардам берген уюмдарга куугунтуктоо күч.

«Трансперенси Интернешнл — Россия» борборунун башкы директору Илья Шумановдун айтымында, бир дагы өлкөдө «чет элдик тыңчы» тууралуу мыйзамдын бир дагы варианты, же медианын жумушун чектеген аракеттердин бири дагы 100 пайыз жыйынтык көрсөткөн жок. Бийлик «чет элдик тыңчыларды» журналисттер жана укук коргоочулар арасында издөө менен алек болуп жүргөндө өлкөдө чындап башка мамлекеттин агенттери иш алып, туруксуздук жаратуу аракетин көрүүсү мүмкүн.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума