11:01
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Садыр Жапаров 9-11-июлда Монголияга иш сапар менен барат

Садыр Жапаров 9-11-июлда Монголияга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Иш сапарда Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын абалы жана мындан аркы өнүгүү келечеги талкууланат.

Андан сырткары, Монголиядагы элчилигинин расмий ачылыш аземи да болот.

«Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык жана социалдык-гуманитардык байланыштарды бекемдөө максатында Бишкек жана Улан-Батор шаарларынын, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун жана Монголиянын Хэнтий аймагынын ортосунда боордош байланыштарды түзүү боюнча макулдашууларга кол коюшат», — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Эң көп окулган жаңылыктар