«Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбоорду Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар боюнча комитети үчүнчү окууда колдоду. Эми парламенттен кабыл алынышы күтүлөт.
Белгилей кетсек, президенттик администрация тарабынан сунушталган мыйзам долбоор кайра иштелип чыгып, бир топ өзгөртүлдү.
Элдик курултайдын өкүлдөрү мыйзам долбооруна каршы чыгып, Жогорку Кеңешке каршы митингге чыгуу менен коркутушкан.