16:47
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Патрулдук милиция кайра түзүлөт

Патрулдук милиция кайра түзүлөт. Бул тууралуу ички иштер органдарын реформалоо боюнча эксперттик топтун ишинин жыйынтыгында айтылат.

Белгилей кетсек, жумушчу топ президенттин алдында түзүлүп, Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен аны Тамерлан Ибраимов башкарат.

Тамерлан Ибраимовдун айтымында, реформанын алкагында Бишкекте Патрулдук милиция түзүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылат. Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен патрулдук-нөөмөт бөлүктөрү бириктирилип, патрулдук милициянын жаңы бөлүмү түзүлөт.

Бишкек шаарында патрулдук милицияны түзүү боюнча пилоттук долбоорду 2019-2020-жылы ишке ашыруу, кийинки жылдары реформаны бүт өлкөгө жайылтуу максат кылынууда.

Буга чейин 2016-жылы патрулдук милиция түзүлүп, бир жылдан кийин жоюлган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума