14:11
USD 87.45
EUR 102.63
RUB 1.09

Жыл башынан бери Кыргызстанга 2 миллион турист келди

Жыл башынан бери Кыргызстанга 2 миллион турист келди. Бул тууралуу туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылдын биринчи кварталында 1 миллион 900 миң турист келди. Экинчи кварталдын жыйынтыгы такталып жатат.

Кыргызстанга көбүнчө кошуна мамлекеттер, Европа менен Араб өлкөлөрүнүн жарандары саякаттап келишкен. Өзбекстан, Казакстан жана Орусиядан келген туристтер алдынкы орунда турат.

Өткөн жылы Кыргызстанга 7,5 миллион турист келди. Быйыл туризм тармагы 10 миллион конокту күтүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар