Бишкекте милиция кызматкерин сабап кетишти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.
Алардын маалыматында, окуя «Жал» кичи районунда 17-май күнү болгон.
Ички иштер кызматкери ооруканага жаткырылып, анын мээси чайкалып, буту сынган.
«Бейбаштык» боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр кармалды.