13:32
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Ысык-Көл сотунда 150гө жакын кылмыш жана жарандык иштерин «жоготуп» алышты

Ысык-Көл райондук сотунда 150гө жакын кылмыш жана жарандык иш жоголгон. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлектетик комитети билдирет.

УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Ысык-Көл райондук сотунун жооптуу кызматкерлерине карата кызматтык милдеттерине шалаакылык мамиле кылуу фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, жогорудагы аракеттердин максаты айрым резонанстуу кылмыш иштерди жана мүлктүк мүнөздөгү иштер боюнча мыйзамсыз кабыл алынган сот чечимдерин жашыруу, ошондой эле материалдык пайда алуу болгон.

Азыркы учурда кылмышкерлерди аныктоо жана жоголгон кылмыш иштерди издөө боюнча зарыл болгон ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар