Кыргызстанда кургак учук менен ооругандардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу Улуттук фзизиатрия борбору билдирет.
Маалыматка караганда, 2022-жылдан тарта кургак учуктун жайылышы байкалууда.
2020-жылы 3 миң 518 адамдан илдет аныкталса, 2021-жылы 3 миң 891, 2022-жылы — 4 миң 18 адамдан табылды.
Кургак учукка көбүнчө Чүй облусунун тургундарынан аныкталса, Ысык-Көлдө илдет эң аз катталды.
Дарыгерлердин маалыматында, балдар арасында кургак учукка кабылгандардын санынын өсүүсү байкалууда.
Улуттук фзизиатрия борбору оорудан өлүм азайганын белгилейт. 2021-жылы 174 бейтап көз жумса, 2022-жылы 127си каза тапкан.

