03:07
USD 87.45
EUR 103.06
RUB 1.11

Ташкент Украинадагы согушта өзбек жараны каза болгонун ырастады

Орусиянын түрмөсүнөн Украинадагы согушка жөнөтүлүп, ал жакта курман болгон өзбек жаранынын сөөгү Хорезм облусуна жеткирилди. Бул тууралуу Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Өзбекстандын 43 жаштагы жараны быйыл 30-январда Украинага жөнөтүлгөн. Билдирүүдө Орусияда иштеп жүргөн өзбек жаранынын эмне себептен түрмөгө түшкөнү жөнүндө жазылган эмес.

Өзбекстандын атайын кызматы жарандарга кайрылып, чет өлкөдө аскерге жалданып, куралдуу жаңжалдарга катышкандарга катаал жаза каралганын эскертти.

Буга чейин «Азаттыктын» өзбек кызматы Самарканд облусунун эки тургуну Украинадагы согушта өлгөнүн, алардын сөөгү мекенине жеткирилгенин жазган. Мындан тышкары согушта дагы алты өзбекстандык каза тапканы, бешөө Орусияда жерге берилгени тууралуу маалыматтар чыккан. Алардын баары Орусияга иштегени кетип, түрмөгө түшүп калганы айтылган. Бирок өзбек бийлиги бул маалыматтардын бирин да расмий түрдө ырастаган эмес.

Мурдараак «Азаттык» Орусиядагы «Вагнер» жалданма аскер уюму абактардан согушка алып кеткен жарандардын арасында борбор азиялыктар да бар экенин, айрымдары каза болгонун жазган. Алардын ичинен алтоо кыргызстандык экени аныкталган.

Эң көп окулган жаңылыктар